Ырчы Айнура Салахидинова "Төк жамгыр" аттуу ырына клип тарттырды. Клип ырдын маанисин толуктап, адамдардын жан дүйнөсүндөгү жаман сезимдер, кыйынчылык, таарынычтар жамгыр менен жуулуп кетет деген ойду камтыйт. Каражат жана сапат жагынан башка чыгармаларынан айырмаланганын айтат ырчы. “Жамгырды чагылдырууда үстүмө суу куя берип көп кыйналдым. Клиптеги кыздын ролун ойногон актриса Анара Солпуева суу болуп, актёр жигит экөө жакшы роль жаратып беришти”,- дейт ырчы.