Ысык-Ата районунун Милянфан айылында бешинчи класстын окуучусу өзүн асып алды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"30-сентябрда Ысык-Ата районунун Милянфан айылында жашы жете элек кыздын жансыз денеси үйүнөн табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Кыздын өлүмүнүн себеби такталууда", - дешти мекемеден.