К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын артисттери 19-21-октябрда Казакстандын Шымкент шаарында өнөр тартуулашат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесине арналып КРнын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн алкагында өтмөкчү. Учурда Казакстан иш-чараны уюштурууга даярдык көрүп жатканын аталган театрдын директору Кубан Эстебесов билдирди.