Ысык-Көл районунда даараткананын ичине бекилип калган аял куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, окуя 1-октябрь күнү саат 21:20да болгону айтылат.
"ӨКМнын №31 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Чолпон-Ата шаарындагы автобекеттин аймагындагы даараткананын бекилип калган эшигин ачып беришкен, анын ичинде аял киши калып калган. Абалы жакшы" , - деп жазылат маалыматта.