Ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Юлия Руцкаянын апасын унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жазып чыкты.
Анын айтымында, чак түштө саат 13:40тарда апасын үйүнүн жанындагы тротуарда сүзүп кеткен.
"Мен бул видео кайрылууну жаздырсамбы деп көпкө ойлондум, акыры тартайын деп чечим кабыл алдым. Себеби мен өлкөдө жол эрежелери сакталып жатканына ишенбейм. Бүгүн чак түштө тротуарда апамды унаа сүзүп кетти. Азыркы учурда мен ооруканада жүрөм. Апамдын баш мээси чайкалып, денеси көк ала болуп, тиштери сыныптыр, гематома бар. Кудайга шүгүр, апам азыр эсине келип, биз менен сүйлөшүп жатат. “Тез жардам” кызматы өз убагында келди. Аларга чоң рахмат.
Кырсык шайлоого аттанып жаткан партиялардын биринин штабынын жанында болуптур. Алар жол кырсыгына терезеден күбө болуп, дароо “Тез жардам” жана милиция кызматкерлерин чакырышып, апама жардам берип, мага кабарлашты. Ага чейин жанында Оля аттуу кыз жардам берип, мен баргыча ооруканада жүрүптүр. Мен аны жеке өзүм тааныбайм, адамгерчилигиңиз үчүн сизге ыраазымын. Ошондой эле бардык дарыгерлерге, оорукананын жалпы жамаатына ыраазымын.
“Тез жардам” жана ИИМдин кызматкерлери дароо чакырылгандыктан, айдоочу кырсык болгон жерден качкан эмес. Ал чыгымдарды камсыз кылам деп айтып жатат. Азырынча апамдын дарылануусуна өзүм төлөп жатам. Апамды урган унаа укук коргоо органдарынын номери менен.
Мен биздин өлкөдө мыйзамдын калыстыгына ишенбейм. Мындай окуяларды көрүп-билип эле жүрөбүз. Сүзүп кеткен айдоочу тууралуу бардык маалыматтар менде бар. Бирок азырынча ал жөнүндө маалымат бербей турам. Азыр мага апамдын ден соолугу маанилүү.
Мен жөн гана бул жан дүйнө кыйкырыгын билишиңерди каалайт элем. Биздин мамлекетте дагы канча менин апамдай болгон апаларыбыз, Аселдей болгон кыздарыбыз, дагы көптөгөн жарандарыбыз жабыркашы керек? Айдоочулар эрежелерди сактап, качан биз коркпой тротуарда басып, коркпой унаа айдап калабыз? Качан коррупция токтоп, оңолобуз? Мен коркуп жатам... Колдоо көрсөткөндөрдүн баарына рахмат”, - деп билдирди ал өз билдирүүсүндө.