Баткен ОИИБи: "Кызыл-Кыяда унаасын чимирилте айлантып, элди ызылдата кууган айдоочу спирт ичимдигин ичкен"

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жаранды сүзүп, андан соң адамдарды качырып айдаган айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 25 жаштагы Кызыл-Кыя шаарынын тургуну.

"Шектүү менен жабырлануучу экөө кошуна. Алар окуя болгон күнү чогуу майрамдап ичишкен. Айдоочу кечээ, 1-октябрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөдө окуянын келип чыгуу себептери аныкталмакчы", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Окуя 25-сентябрь күнү саат 20:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүндө болгон. Анда Кадамжай районунун 28 жаштагы тургунун жашыл түстөгү Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа сүзүп, андан соң окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Эскертүү: Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.

Кызыл-Кыяда жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну кармоо иш-чарасы жүрүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
zam81
2020-10-02 13:09:45
Арактын азабы
+5
katerina.li
2020-10-03 17:03:48
zam81,аракты бироо оозун а кыйнап куябы
0
Kari
2020-10-02 13:27:13
Телефондон игра ойногондой эле машинасын айдаган го акмак.Азабын бечара ата-энеси тартат эми.
+3
Shef87
2020-10-02 21:26:21
Маңкасы чыгат эми
+2
didu
2020-10-02 21:28:46
жооп берсин эркек болсо отуруп чыксын
+2
Aidar.001
2020-10-02 23:35:02
didu,туруп чыкса деле болот 2 жылдай :)
+2
katerina.li
2020-10-03 12:59:00
Эки кишини с узуп кеттиби ошондо???
+1
Kg.ka84
2020-10-03 13:04:48
Аябай эле копкон экенсин чырагым
+3
Taalaibek.
2020-10-03 20:59:11
Тезинен атууга жонотуш керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан