Ысык-Атада 39 жаштагы кишинин өлүмүнө бир тууганы шектелип кармалды

Ысык-Ата районунун тургуну бир тууганын өлтүргөнгө шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-октябрь күнү саат 00:55 чамасында Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Ата районунун айылдарынын биринде кишинин жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, үйдүн ашкана бөлмөсүндө бир нече жолу бычактан жаракат алып каза болгон 39 жаштагы И.Э. аттуу жарандын жансыз денесин табышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тиешелүү ыкчам-иликтөө ишинде шектүү катары 42 жаштагы жаран кармалган. Ал маркумдун бир тууган агасы болуп чыккан. Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат жана сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jibakana
2020-10-02 21:36:05
Азыркы заманда Бир тууган,Ата эне,тууган урук менен ынтымагы кеткен заманби жакыным дебей уруп сабап,олтургондор кобойду...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан