Тоолуу Карабахтагы Азербайжан-Армения кагылышуусу бүтүндөй байланыш линиясы боюнча жанданды. Бул тууралуу Тоолуу Карабах Республикасынын Коргоо армиясынын басма сөз кызматы социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Карабахтын бардык багыттарында салгылашуулар кайрадан күчөдү. Коргоо армиясынын бөлүктөрү душмандын бардык кол салууларын басууну улантып, жооп берүү аракеттерин көрүүдө", - деп жазылган билдирүүдө.
Өз кезегинде Тоолуу Карабах Республикасынын Коргоо армиясынын командачысынын орун басары Артур Саркисян акыркы сутка ичинде Армения 54 жоокеринен айрылгандыгын билдирген.
"Тилекке каршы, биздин 54 аскер кызматкерибиз акыркы бир сутка ичинде кагылышуудан каза болду. Мен жакындарына чын дилимден көңүл айтам", - деген Саркисян.
Учурда эки өлкөгө аскер абалы жарыяланып, абал оор бойдон калууда.