Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта 1 миң 500 доллар пара алып жаткан жеринен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын капитаны К.М кармалганы айтылат.

"Кызматкердин жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлүнөн кошумча нарк салыгына байланыштуу маселени чечүүгө көмөктөшүү үчүн опузалап акча талап кылып жүргөнү аныкталды.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө жүрүүдө. Учурда опузалап пара талап кылуу фактысы менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башка кызматкерлеринин катыштыгы бар же жок экени такталып жатат" , - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nursbaike94
2020-10-02 23:11:33
арам тамак
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан