Бийликти басып алууга чакырык таштаган видеосу тараган. “Кырк уруу жети дубан” кыймылынын лидери жана тарапташтары 2 айга камакка алынышты

Аймактар аралык кастыкты козутуу жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасашкан деп шектелген “Кырк уруу жети дубан” кыймылынын лидери жана анын тарапташтары 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр 30-ноябрга чейин камакка алынышкан.

30-сентябрь күнү коомдук тартипти туруксуздаштырууну мерчемдешип, бийликти күч менен басып алууга чакырган видео интернет булактарында тараган. Аталган факты боюнча Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

26 жаранга тең наркологиялык изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 20 жаран баңги каражатын колдонгондугу аныкталган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “Кырк уруу жети дубан” кыймылынын лидери жана төрт тарапташы Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан