Сооронбай Жээнбеков: "Менин оюм, максатым - шайлоодон өтпөй калган партиялардагы мыктыларды дагы жумушка тартуу"

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда Коомдук телерадиокорпорациясынын "Биринчи радиосуна" кезектеги маегин берди.

Анда өлкө башчы парламенттик шайлоо боюнча өзүнүн оюн айтты.

"Мен шайлоого байланыштуу мекендештериме кайрылуу жасап, негизги ойлорду айттым. Буюрса, ошол ойлорумду мекендештерим колдойт деп ишенем.

Биз 2010-жылдан бери парламенттик мамлекетти бекемдеген системди куралы деп келе жаткан мамлекетпиз. Ошондон бери Жогорку Кеңешке эки жолу шайлоо өттү. Эки чакырылыш ошол парламенттик системде иштеди. Парламенттин мамлекеттин өнүгүүсүнө кандай таасири бар экени көрүндү.

Мына ошону туура түшүнүп, мен баш болуп, бүт мамлекеттик органдар, шайлоону өткөрүүгө жооптуу органдар, жергиликтүү бийлик шайлоого өзгөчө мамиле кылышты. Эң негизгиси биз шайлоого катышып жаткан партияларга, талапкерлерге элибиз барып добуш бергенге колдон келишинче шартты түздүк.

Менин аппаратымдын уюштуруу иштерине кийлигишүүсү минималдуу болду. Өкмөт өзү иш алып барып жатты. Биздин аппарат кайсы жерде кемчилик болуп жатса, ошол жерде "кемчилик бар экен" деп айтып турду. Түздөн-түз аппарат киришкен жок. Шайлоо учурундагы, андан кийинки өлкөдөгү кырдаалга президент жооптуу болгон соң, аппарат ошол милдетти аткаруу максатында мыйзам алкагында өз милдетин аткарды", - деди ал.

Президент элге кайрылып, 4-октябрда жарандарды добушун сатпоого чакырды.

"Анан эми эң чоң маселе - мени да ойлонткон, өлкөнүн келечегин ойлогон ар бир жарандын маселеси - добуш сатуу маселеси. Шайлоо күнү добуш сатпоого чакырат элем. Өзүнүн келечегин, балдарынын келечегин, мамлекеттин келечегин ойлогон адам буга барбайт.

Добуш сатуу деген бул эмне? Бул балдардын келечегине, мамлекеттин келечегине, өз келечегине балта чабуу менен барабар. Мен айтып жүрөм, дагы айтып кетейин, ал арам каражат.

Ал эми бул парламент 5 жыл иштейт. Бул биздин мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң таасири бар да. Негизги чечимдин баары, мыйзамдар ошол жерде кабыл алынат. Бул мамлекеттин келечегинин өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет. Ошон үчүн жалпы мекендештеримди добуштарын сатпоого, өзүнүн көңүлүндөгү адамдарга, партияга добуш берүүгө чакырам.

Мен партиялардын баарынын тең тизмесин карап, талапкерлеринин сүйлөгөндөрүн карап, дебаттарды көрдүм, партиялардын жер-жерлердеги эл менен болуп жаткан жолугушууларын көрдүм, абдан жакшы, мыкты балдар ар бир партияда бар.

Эми эртең кайсы партия өтөт? Кудай буюрса, эртең кеч жыйынтыгы чыгып калат. Аны эми Кудай билет, эл билет. Менин оюм, максатым - өтпөй калган партиялардагы мыкты балдарды дагы жумушка тартыш керек.

Айрыкча, мен партиялар тизмесинин биринчи жана экинчи ондугуна абдан мыктыларды киргизгенге аракет кылыптыр. Мына ошол балдардын ичинен дагы карап көрүп, мыктыларын биз мамлекеттик кызматтарга тартышыбыз керек.

Мыкты жаштар бар экен. Аны мен көрдүм. Кудай буюрса, шайлоо бүткөндөн кийин, Жогорку Кеңеш кандай куралбасын, ушул маселени коюп, ал балдарды тартыш керек. Ошол шайлоодогу ойлоруна жетем деген максаттары, мамлекет үчүн чындап кызмат кылам деп жаны менен, чын ниети менен, чын жүрөгү менен сүйлөп, иштеп жаткан балдарды мен көрүп турам. Шайлоонун жыйынтыгында утулуп калган партиялардан мыктыларды тартууга аракет кылабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан