Ош облусунда парламенттик шайлоого ат салышып жаткан саясий партиялардын бири тарабынан добуш сатып алуу үчүн акча таратылып жатканы аныкталды. Учурда бул боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын Ош ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында саясий партиянын өкүлдөрү добуш сатып алуу үчүн акча таркатып жүргөндүгү жөнүндө маалымат нөөмөт бөлүмгө келип түшкөн. Аталган маалымат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 192-берененин 1-бөлүгүнүн негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.