Балыкчыга атайын барган Назира Айтбекова, шайлоого биринчи жолу катышкан Эрнист Сыдыков. Добуш берген жана бербей калган өнөр адамдары
Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Маданият, шоу-бизнестин айрым өкүлдөрү буга чейин шайлоого катышпай тургандыгын билдирип чыгышкан. Бүгүн тандоо жасап, добуш берген өнөр адамдарын тизмектеп көрдүк. Алардын арасында каттоосу башка аймакта болуп калгандар дагы бар.
Ырчы Асел Кадырбекова каттоосу жоктугуна байланыштуу добуш бере албаганын билдирди. Ал эми ырчы Дайыр Исмадияров жеке иштерине байланыштуу Ош шаарында жүрөт. Анын каттоосу Бишкек шаарында болгондуктан добуш бере алган жок.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков менен жубайы Мээрим Төлепберген дагы өз тандоолорун жасашты. Ырчы мырза жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырып, видеокайрылуу жасады.
Мындан тышкары добуш берүүгө ырчылар Жийдеш, Айпери Кулбаева, Ирлан Таалайбеков, телеалпаруучу Айзада Жамгырчиева, Нурсултан Майназаров жана башка бир катар өнөр адамдары катышты.