Бишкекте эки жеңил унаа сүзүштү. Видео "Короче" Телеграм баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 4-октябрь күнү саат 07:00 чамасында Дэн Сяопин көчөсүндө болгон.
Анда Mercedes-Benz менен Toyota унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен эки адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Ал эми бул окуя боюнча патрулдук милиция маалымат бере элек.