Акын Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдык мааракесине карата бир катар иш-чаралар уюштурулат

Акын жана драматург Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча өкмөттүн 10-сентябрдагы бекитилген иш-планын аткаруу жана акындын өмүрүн, чыгармаларын терең өздөштүрүү максатында Билим берүү жана илим министрлиги буйрук чыгарды. Ага ылайык, Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана облустук усулдук борборлордун, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жогорку, кесиптик орто окуу жайлардын жетекчилери бардык билим берүү уюмдарында акындын 100 жылдык мааракесин белгилешет. Акындын өмүрү, чыгармачылыгына арналган поэзия кечелерин, китеп көргөзмөлөрүн, илимий-практикалык конференциялар менен жолугушуулар уюштурулат. Андан сырткары Райкан Шүкүрбековдун чыгармалары боюнча мектептер арасында дил баяндардын сынагы өткөрүлмөкчү. 

    Райкан Шүкүрбеков Таластын Ак-Чий айылында 1919-жылы жарык дүйнөгө келген. Көп жылдар бою Кыргыз улуттук филармониясынын адабият бөлүмүн жетектеп турган. “Жаркынай”, “Айдар”, “Жапалак Жатпасов”, “Жинди суу”, “Кыз-жигит”  сыяктуу көптөгөн чыгармалардын автору. Акын 1964-жылы көз жумган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан