Шайлоо бюллетенин сүрөткө тартса эмне болот?

Шайлоо бюллетенин сүрөткө тартса эмне болот деген суроо жарандар тарабынан көп берилүүдө. Буга мыйзамда жол берилбей тургандыгын шайлоо участкасындагы кабинага кирген ар бир адам билүүсү зарыл. Анткени кабинанын ички бетинде бюллетенди сүрөткө жана видеого тартууга болбойт деген белги чапталып турат.

Конституциянын "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамынын 30-беренесинин 12-пунктуна ылайык, бюллетенин сүрөткө тартуу же бюллетенге белги коюп жаткан учурун видеого тартууга, аны таратууга, шайлоо тилкесинен алып чыгып кетүүгө жол берилбейт. Эгер шайлоочу бюллетенин сүрөткө тартса, ал бюллетень жараксыз деп табылат. Анткени добуш берүү сыр сакталышы керек. Эгер сиз мыйзамды аттап өтүп, бюллетенди сүрөткө тартып алгандыгыңыз аныкталса, сизди 500 сомдон 1000 сомго чейин айып пул төлөө жазасы күтөт. Мындан тышкары мыйзам бузган жарандын үстүнөн акт түзүлүп, тиешелүү жазага тартыласыз. Ал эми бул боюнча БШКнын мыйзам алдындагы актысы бар. Ага ылайык, шайлоонун жүрүшүндө бюллетенди сүрөткө тарткан шайлоочу 11 суткадан 15 суткага чейин коомдук жумушка тартылуу же 180 миң сомдон 220 миң сомго чейин айып пул төлөөгө милдеттендирилет.

Социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында экс-депутат Өмүрбек Текебаев шайлоо бюллетенин сүрөткө тартып жатат деген сүрөт тарады. Ошондой эле актёр Бектемир Мамаюсупов дагы бюллетенди белгилеген соң сүрөткө тарткан делинип, ага акт түзүлгөндүгүн жергиликтүү басылмалар жазып чыгып, видеолорун таратышты. Ал эми Мамаюсупов SUPER.KG порталына "Ооба, чын эле бюллетенди сүрөткө тарткам. Анткени мен аны сүрөткө тартпоо керектигин билген эмесмин", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан