Сузакта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делинген жарандын жана анын шеригинин баш коргоо чарасы каралат

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда милиция кызматкерлерине баш ийбеген 2 жаран кармалганы, алардын бири мурда соттолгону, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы маалымдалган. Бүгүн, 4-октябрда кармалган жарандардын баш коргоо чарасы Сузак райондук сотунда каралат. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

2-октябрда милиция кызматкерлери тарабынан мурда "адам өлтүрүү" (эски редакция) беренеси менен соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 1977-жылы туулган А.С. кармалган. Мындан тышкары 1997-жылы туулган Ү.Т. кармалган. Аларга карата 266-берененин ("ээнбаштык") негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан