Индонезиянын Бали аралында 4-28-сентябрь күндөрү өтүп жаткан “Дүйнө сулуусу-2013” сынагына катышып жаткан кыргызстандык Жибек Нукеева онлайн добуш берүүдө 1-орунда келе жатат. Добуш берүүнүн жыйынтыгында “Мультимедиа сулуусу” аныкталмакчы. Бул номинацияда сулуулардын интернет айдыңындагы атактуулугу каралып, жеңүүчүнү колдонуучулардын добуш берүүсү аныктайт. Ал эми жалпы жыйынтыкта Жибек Нукеева 131 сулуунун ичинен 38-орунда келе жатат.