Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарчасында турак үйдөн өрт чыгып, бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, турак үйдүн 1 жарым чарчы метр полу күйгөн. Өрттөн денесинин 80 пайызы күйүк алган 1943-жылы туулган эркек киши каза болгон.
Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.