Милициянын кайгуул кызматкерлери уурулукка шектелген жарандарды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-октябрь күнү болжол менен саат 03:40 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Жал кичи районунда велосипед уурдалды деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барган. Анда 1973-жылы туулган Б.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда ушул эле күнү болжол менен саат 03:30 чамасында белгисиз адамдар арыз ээсинин үйүнүн подъезинде турган 2 велосипедин уурдап кетишкен.
Жазылган арыздын негизинде кызматкерлер кылмыштын изин суутпай шектүү катары 1998-жылы туулган С.Ж. жана 1997-жылы туулган К.Н. аттуу жарандарды кармашкан. Шектүүлөр Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.