Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жаткан партиянын өкүлдөрү жана шайлоочулар тынчтык митингин өткөрүп жатышат.
Митингге "Республика" партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев, "Ата Мекен" партиясынын лидери Жанар Акаев, "Бир Бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов дагы келишти. Өз кезегинде партия лидерлери шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жатышат.