Жаран митингге кеткен балдарын таппай жатканын айтып көзүнө жаш алды. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.
"Балдарым митингге кетишкен, аларды издеп бул жакка келдим", - деди ал.
Бүгүн, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тарап митингге чыгышкан. "Ала-Тоо" аянтында суу чачып, асманга ок атып, элди сүрүп чыгарышты.