Астанада Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Казакстандын Астана шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган тегерек стол болуп өттү. Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, иш-чаранын катышуучулары Ч.Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка кошкон салымын белгилеп, анын чыгармачылыгы гумандуулук менен адамдык касиеттердин мыкты сапаттарын өзүнө камтыгандыгын баса белгилешти. Айтматовдун чыгармаларындагы улуттар, маданият жана диндер аралык ынтымактуулук идеясы дүйнө окурмандарынын жүрөгүнөн орун алгандыгы айтылды. Казакстандын Улуттук китепканасынын колдоосу менен китеп көргөзмөсү уюшулуп, жазуучунун жашоо, чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Иш-чарага маданият ишмерлери, профессорлор жана "Кыргызстан-Астана" кыргыз этномаданияттык бирикмесинин өкүлдөрү катышканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан