Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт мүчөлөрү элге кайрылуу жасады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда өкмөт мүчөлөрү жарандарга мыйзамдуулукту жана туруктуулукту сактоо боюнча кайрылып жаткандары белгиленет. Кайрылуу төмөндөгүдөй жазылган.
"Ошондой эле өлкөбүздүн эгемендүү, демократиялык жана укуктук мамлекет катары эл аралык деңгээлдеги имиджин сактоо биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири. Биз эл ишенип берген жоопкерчилигибизди сезип, өз милдетибизди жана ишибизди уланта беребиз", - деп жазылат маалыматта.