Биз социалдык тармакта

"Ала-Тоо 24" каналынын жамааты иш ташташты

Коомдук телеканалдын "Ала-Тоо 24" жаңылыктар каналынын элүүдөн ашуун кызматкери иш таштады. Бул тууралуу мекеме кызматкерлери билдирүү таратып жатышат. Маалыматка ылайык, алар бул кадамды телеканалга жаңы келген жетекчи Чынар Капарова менен иштешүүнү каалабаганы менен түшүндүрүп жатышат.

Жамаат "Ала-Тоо 24" каналынын кызматкерлери Координациялык кеңешке, азыркы бийликке келген адамдарга кайрылуу жолдоду.

"КТРКнын "Ала-Тоо 24" каналынын эмгек жамааты Координациялык кеңешке, азыркы бийликке келген атуулдарга кайрылат!
Азыр ушул учурда өздөрүн элдин атынан келдик деген адамдардын тобу башаламандык уюштуруп, продюсерди мыйзамсыз кызмат ордунан кетирип, шайлоого аттанган “Бир бол” партиясынын өкүлдөрү тарабынан мамлекеттик стратегиялык объект болгон “Ала-Тоо 24” каналын басып алууга аракет кылууда. Ошол эле учурда бүгүн жаңы түзүлгөн Координациялык кеңеш мамлекеттик креслолорду эртеден бери басып алуулар болуп жатканын мыйзамсыз деп атады. Координациялык кеңеш эч кимди, эч жакка басып алууга жибербегендигин айтты.
Бирок өздөрүн элдин атынан келдик деп тааныштырган 20 чакты адам бир телеканалдын тагдырын чечүүдө. Кечээги болгон төңкөрүш кресло талаш үчүн болду беле?! Башаламандыкка ким жооп берет?! Мыйзам кайда калды?! Жүзгө жакын адамы бар "Ала-Тоо 24" каналынын жамааты Координациялык кеңешке кайрылат", - деп айтылат кызматкерлердин кайрылуусунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mirba1610
2020-10-06 19:22:01
Эн туура чечим! Ч.Капарова оз билемдик менен эле болгон окшойт чамасы
+19
muras111211
2020-10-06 19:31:02
Чынар Капаровага айтат элем.КТРК га батбай,эми Ала Тоо 24 калды беле талашып келген кресло туура эмес.
Жакшы иштесе Буга чейин эле жетекчи болуп шайланмак да
+11
katerina.li
2020-10-06 19:32:13
Мынча эл жон жерден ташта байт жумушту. Капарованын бир нерсесин билишет
+14
Bars88
2020-10-06 19:49:24
Отпой калган партиялар не адамдарын ар тешикке тыгып атышат.Кызмат эле керекпи тынчыгандын кийин деле иштегиси келсе мурдагы жетекчисин кетирип анан иштебейби.Басмачыдан айырмасы жок болуп калыштыго.Эл ушу манкалалар учун чыктыбы бийликке алып келиш учун
+8
Kona8631
2020-10-06 20:50:11
Капарова биримдике чуркап журду беле
+1
Asel69
2020-10-06 20:53:42
Токтоткула.
+1
Mister-X
2020-10-06 23:26:52
Ч.Капарова КТРге жолобосун.Саясатка барганы да туура эмес.Менин душманым же таанышым эмес.Мен Капарованы татыксыз деп ойлойм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан