Физиология жана медицина тармагында "Нобель" сыйлыгынын ээлери анык болду

Быйыл физиология жана медицина жаатындагы "Нобель" сыйлыгы С гепатитин иликтеген окумуштуулар Харви Альер, Майкл Хоутон жана Чарльз Райска ыйгарылды. Бул тууралуу аталган уюмга таянып дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, окумуштуулар тарыхта С гепатитин дарылоого мүмкүн экендигин аныкташкан.

"Биринчи жолу С гепатит вирусун дарылоого мүмкүн болду. Лауреаттардын медицина тармагындагы бул ачылышы өнөкөт гепатит илдетинин сакталып калган учурларынын себебин аныктап, кан анализин жүргүзүүгө жана миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калган жаңы дарыларды пайдаланууга болорун аныктады", - деп билдирген Нобелдик комитеттин өкүлдөрү.
"Нобель" сыйлыгы - илимий, маданий же өзгөчө изилдөөлөрдү жараткан инсандарга ыйгарылат. Сыйлык швециялык химик Альфред Нобелдин наамынан аталып калган. Лауреаттарга тапшырылган медалдар алтындан жасалып, салмагы 175 граммды түзөт. Эгер сыйлык аукционго коюла турган болсо, алтындын салмагына гана карабастан кимге тиешелүү экенине көбүрөөк маани берилет.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан