Бишкектин 8-кичи районунда көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден 72 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдагандай, маркумдун денеси 7-октябрь күнү саат 20:32де табылган.
"Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары 8-кичи райондо жайгашкан №10 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып, батирдин ичинен 1948-жылы туулган эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти", - дешти мекемеден.