Ош шаарында батирлердин биринен 74 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Маркумдун денеси бекилип калган батирдин эшигин ачкандан кийин аныкталганын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"7-октябрда саат 17:00дө куткаруучулар У.Салиева көчөсүндө жайгашкан №44 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачышканда, ичинен 1946-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.