Режиссёр Тынай Ибрагимовдун “Таштанбек” аттуу даректүү тасмасы Орусиянын Самара шаарында өткөн фестивалда “Өз ата-энеңди сыйла” аттуу сыйлыкка татыктуу болду. Бүткүл орусиялык ачык фестиваль 6-20-сентябрь күндөрү өттү. Тасма саясий ишмер Таштанбек Акматов туурасында тартылган. Тарыхый жана маданий мейкиндикти сактоого багытталган фестивалга 150дөн ашык тасма катышып, тандоо турунан 40 тасма өткөн.