"Ажыдаарлардын башын кесебиз". Сыймык Жапыкеев түз эфирде эмнелер жөнүндө сөз кылды?

Акыркы күндөрү башкы прокурордун милдетин аткаруучу катары иштеп жаткан "Чоң Казат" партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев эл көнгөн ашканасынан түз эфирге чыкты.

Анда Жапыкеев өлкөдөгү акыркы абал, болуп жаткан окуялар боюнча интернет колдонуучулардын суроолоруна жооп берип, пикирин бөлүштү. Төмөндө түз эфирде айтылган сөздөрдүн урунттуу учурларынан кыска комментарийлер топтому.

"Бир күндө революция болуп кетет деп ойлогон эмеспиз. Бирок жарым күн кыйкырып, жарым күн согушуп жатып жеңишке жеттик. Буюрса, баары жакшы болот".
"Башкы прокуратураны курал кылып коюшуптур. Анда иштегендер мага ишеним артышты. Ошондуктан биринчи Башкы прокуратураны оңдоп алалы".
"Сыймыкты Башкы прокуратурадан кууп чыгышты деген калп. Тескерисинче кол чаап тосуп алышты".
"Учурда бир дагы тергөө органдары иштебей турат. Эртеңден баштап тергөөчүлөр келе башташат. Ошондо ишке киришебиз. Ажыдаарлардын башын кесе баштайбыз".
"Өлкөдө туруксуздукту жаратуу үчүн Башкы прокуратураны өрттөйбүз деген көп саясатчылар келишти. Кызматкерлер менен бирге туруп сактап калдык".
"Мен Башкы прокуратураны карап, аягына чейин турам".
"Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков, Албек Ибраимов тил кат берип, 7 күнгө бошонуп чыгыптыр".
"Башкы прокурор болуп жоголуп кетет деп ойлобогула. Ушул жерден эле чыгып турам".
"Баарын жеңдик, акылмандыкка салалы, баарыбыз бир бололу".
"Саясатка киришкен жокмун, биринчи Башкы прокуратураны оңдоп алайын".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан