Айдоочуну куткарып калышты. Баткенде унаа каналга түшүп кетти

Баткен облусунун Кадамжай районунда айдоочу унаасы менен каналга түшүп кетти. Бактыга жараша, айдоочу куткарылды деп билдиришет ӨКМнын басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунда 8-октябрь күнү саат 17:22де нөөмөт бөлүмгө Гүлдөрөмө айылында Нургазиев каналына Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа каналга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине куткаруучулар тартылып, унааны суудан чыгарууга жардам беришкен.

Куткаруучулар келгенге чейин окуянын күбөлөрү айдоочуну куткарып калган учур видеого тартылып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан