"Форум" имаратынын алдына экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган митингдин катышуучулары чогулушту (видео, хронология)

Бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаарындагы "Форум" имаратынын астында митинг өттү. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев эл алдына чыгып сөз сүйлөп, чогулгандар тынчтык жүрүшү менен "Ала-Тоо" аянтына барууга үндөдү.

2020-10-09 16:30:00

Жүрүшкө чыкандардын алды "Айчүрөк" соода борборунун алдына келишти. 

2020-10-09 16:28:00

Жүрүштө бара жаткандар "Сооронбай кетсин, Раим камалсын!" деп кыйкырып бара жатышат. 

2020-10-09 16:25:00

Жүрүшкө катышкандардын саны барган сайын көбөйүүдө.

2020-10-09 16:15:00

Учурда "Ала-Тоо" аянтына бара жаткан адамдардын саны болжол менен 10 миңден ашуун.

2020-10-09 16:08:00

"Ала-Тоо" аянтын көздөй жүрүшкө аттангандардын алды Чыгыш-5 кичи районуна жетти.

2020-10-09 16:01:00

"Форумдан" "Ала-Тоо" аянтына жүрүшкө чыккандардын алды Чүй кең көчөсүнө жетти.

2020-10-09 15:57:00

"Форумдагы" митингдин айрым катышуучулары унаалары менен "Ала-Тоо" аянтын көздөй сапар алды.

2020-10-09 15:50:00

"Форумга" чогулган митингдин катышуучулары Курманжан Датка көчөсү менен түндүктү көздөй түшүп бара жатышат.

2020-10-09 15:43:00

"Форумда" чогулгандар "Ала-Тоо" аянтын көздөй жөө жүрүшкө аттанышты.

2020-10-09 15:40:00

Алмазбек Атамбаев чогулган жарандарды провокацияга алдырбай, тынч жүрүш уюштурууну суранды.

2020-10-09 15:37:00

Алмазбек Атамбаев чогулгандар менен чогуу "Ала-Тоо" аянтына бара тургандыгын айтты. 

2020-10-09 15:18:00

Алмазбек Атамбаев: "Урматтуу кыргызстандыктар! Баарыңарга таазим этем. Мага эч кандай бийликтин кереги жок. Азыр Сооронбайга чуркап жүргөндөр Сооронбай өзүлөрүн жок кыларын билбей жатышат. Күчкө салып бийликти алгандардын арты жаман бүтөт. Ыңкылабды эл жасабайт, бийлик жасайт.  Жээнбеков президент эмес - бул саткын. Досун саткан элин сатат. Кудай Шаримандай достордон сиздерди сактасын".

2020-10-09 15:12:00

Рыскелди Момбеков: "Беш күндөн бери өлкөдө баш аламандык болуп жатат. Буга эл, өзүбүз күнөөлүүбүз. Кечээги ыңкылап ашканадагы баланы прокурор кылуу эмес, түрмөдөгү адамды премьер кылуу үчүн болгон жок. Биз шайлоонун жыйынтыгын, Шариповдун бийлигин жокко чыгарыш үчүн ыңкылап жасадык. Чыга калып эле премьер болгондон уялгыла".

2020-10-09 15:08:00

Эл алдына Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жана мурдагы саясатчы Өмүрбек Бабанов чыкты.

2020-10-09 15:05:00

Канат Сагынбаев: "Урматтуу калайык калк! Кечээ биздин жаштарыбыз, бийликтин мыйзамсыз иштерине каршы туруп, жеңишке жетишти. Бүгүнкү күндө алардын калдыктары калып, бийликти басып алууну баштады. Биз азыр бийлик талашпашыбыз керек. Азыр өлкөдө бир гана мыйзамдуу орган бар - бул Жогорку Кеңеш. Биз алардын иштөөсүнө шарт түзүп беришибиз керек".

2020-10-09 14:55:00

Учурда депутат Ирина Карамушкина сөз сүйлөп жатат. Өз сөзүндө ал эл тарабынан куулган президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска деп чет жактан келген каражат боюнча отчёт бериши керектигин айтты. 

2020-10-09 14:53:00

Чогулгандар "Социал Демократтар" партиясынын өкүлү Темирлан Султанбековду колдоп, "Азамат" деп кыйкырып жатышат.

2020-10-09 14:47:00

"Форум" имаратынын астына "Республика" партиясынын тарапташтары келишти.

2020-10-09 14:45:00

"Саламатсыздарбы? Эки күн мурун кыргыз эли бир муштум болуп биригип, Жээнбеков-Матраимов кланын жок кылды. Митингде 19 жаштагы Үмүтбек каза болду. Жээнбеков каза болгон баланын үй-бүлөсүнө көңүл айтпай, Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктап жүрөт. Бирок анын куттуктоосу Кремлдин сайтына жарыяланган жок", - деди Темирлан Султанбеков.

2020-10-09 14:42:00

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева митингге келгендерди 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында каза болгон Үмүтбекти эскерүүнү суранды. Митингге келгендер аны колдошту.

2020-10-09 14:36:00

Эл алдына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин чыгып сөз сүйлөөсү күтүлүүдө.

2020-10-09 14:25:00

Чогулгандар Жээнбеков-Матраимов кланынын кадрлары кетсин деген палакаттарды кармап турушат.

2020-10-09 14:19:00

Чогулгандар имараттын эшигин бири-бирин колтуктап тосуп жатышат.

2020-10-09 14:15:00

Барган сайын митингге келгендердин саны көбөйүүдө.

2020-10-09 14:10:00

Учурда имараттын алдында 500дөн ашык адам чогулду. Чогулгандардын арасында Асел Кодуранова, Равшан Жээнбековдор бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан