27-сентябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Бактылуу тропиктер” аттуу тирүү көпөлөктөрдүн көргөзмөсү ачылат. “Көпөлөктөрдүн өмүрү кыска, табигый шартта 3 күн гана жашашат. Көргөзмөгө чейин аларды атайын камерага кармашат”,- дешет уюштуруучулар. Көргөзмөгө коюлган көпөлөктөр – Филиппин, Бирма, Түндүк жана Латын Америка, Африка, Мадагаскардан алынып келинет. Көргөзмө 11-ноябрга чейин уланмакчы.