Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 12:09да Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 4 баллга жеткен.
Жер титирөө Аксы районунун Кош-Дөбө, Кара-Дөбө айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.