Бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаарындагы "Форум" имаратынын астында митинг өттү. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев эл алдына чыгып сөз сүйлөп, чогулгандар тынчтык жүрүшү менен "Ала-Тоо" аянтына келишти.
Кабарчыбыздын билдиргенине караганда ок атылды.
Кабарчыбыздын билдиргенине караганда чагымчылдар таш ыргытып, ортодо кагылышуу болду.
Митингчилер ортосунда кагылышуу болду.
Сөз алган Алмазбек Атамбаев бир убакта ал кетирген кемчиликтери үчүн митингге келгендерден кечирим сурады.
"Бир убакта акмактарга ишенгем. Ошол үчүн кечирип койгула, кечирип койгула", - деп сөзүн улантууда.
Өмүрбек Бабанов митингге чыккандарды ар кандай провакацияга алдырбоону бир канча жолу кайталады. Ал ошондой эле өлкөдө калыс шайлоо керектигин белгиледи.
"Сиздер билесиздер, шайлоо болду, шайлоонун эртеси дагы болду. Алмазбек Атамбаевдин бир күчтүү сапатын бааладым. Катасыз адам болбойт экен", - деп сөзүн бүтүрүп, Алмазбек Атамбаевге микрофонду берди.
Кийинки сөз журналист Али Токтоакуновго берилди.
"Мен эки жыл иликтөөлөр менен иштедим. Мени Европадан өлүгүмдү алып келгиле деген сунуштар болду. Бирок ушул Жогорку Кеңеште турган бир дагы депутат сүйлөп койгон жок. Мен жанымда турган Алмазбек Атамбаевди же Өмүрбек Бабановдун дагы бийлигин жактабайм. Мен жаштардын бийликке келишин каалайм. Мен эки күч болуп тирешүүнү жана аны дагы колдогонду токтотууну сунуштайм. Жаштар эки топтун агын тандагыла демекчимин", - деди ал.
Азыркы сөз активист Улан Үсөйүнгө берилди. "топтоп болуп бөлүнүнү токтотолу. Өлкөнү уюшкан кылмыштуу топ башкарып жатат. Биз ошону токтотолу", - деп сүйлөдү.
Тилек Токтогазиев: "Өмүрбек Бабанов менен бирге иштеп, жаңы парламентке жаңы адамдарды алып келүүнү аракет кылалы. Өлкөнү кризистен чыгаралы. Биз ушуга аракет кылалы", - деди ал.
Учурда митингге чогулгандарга Өмүрбек Бабанов модераторлук кылып жатат. Ал Тилек Токтогазиевге сөз берди. Ал алгач митингде каза болгон Үмүрбекке арнап куран окутууну сунуштады. Мындан улам куран окулду.
Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов жана башка саясатчылар тобу "Ала-Тоо" аянтына келишти.