Шаардык криминалдык милиция кызматы тарабынан 264-берене (массалык башаламандык) боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, "Ала-Тоо" аянтындагы кебетеси азиялык болгон белгисиз адамды издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Ага ылайык, изделип жаткан белгисиз эркек киши ок атуучу куралдан от чыгарганы маалымдалат.
"Урматтуу жарандар, социалдык тармактарга жана ЖМКларга жарыяланган видеодогу адамдын жүргөн жери маалым болсо, милиция кызматкерлерине билдирип, күнү-түнү байланышта болгон 102 номуруна чалып коюуңуздарды суранабыз", - деп жазылат маалыматта.