Интернет желелерине "Дордой Моторс" соода комплексинде эркек адам жаш кызды сабап жатканын чагылдырган видео жарыяланды. Видеодо белгисиз эркек адам кызды кантип тепкилеп, сабагандыгы көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда жакын жердеги аял аны токтотууга аракет кылган эмес. Бул видео колдонуучулар тарабынан катуу талкууланып жаткандыктан учурда милиция окуя боюнча иликтөө ишин жүргүзүп жатат.