Чүй облусунда эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 20 жаштагы кыз жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Чүй районунда 11-октябрь күнү саат 22:52 чамасында Чүй айылында болгон. Анда Volkswagen Passat жана Chevrolet унаалары сүзүшкөн.
Натыйжада 2000-жылы туулган кыз жабыркаган. Жерине ӨКМнын куткаруучулары тартылып, жабыркаган адамды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.