Талас облусунда жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 11-октябрь күнү саат 21:51 чамасында Манас районунун Чеч-Дөбө айылында болгон. Анда Фолксваген-Пассат үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн.
Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.