Өткөн аптанын 10-октябрь күнү 6-чакырылыштын депутаттары мамлекеттик резиденцияда кезексиз жыйынга чогулган. Андагы күн тартибинде өкмөт башчыны дайындоо маселеси каралган. Натыйжада Садыр Жапаров чогулган бардык депутаттардын добушуна ээ болуу менен өкмөт башчылыкка бекитилгени маалым.
Бул жыйындан соң социалдык тармактарда депутат Тазабек Икрамовдун бетине антисептикалык каражат чачыратып жаткандагы видеосу тарады. Кыска видео тез арада эң көп көрүлгөн видеолордун арасына кошулуп ушул тапта дагы популярдуу болууда. Колдонуучулардын арасынан Тазабек Икрамовго позитив тартуулаганы үчүн ыраазычылыгын билдиргендер да болгон.