Мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн деген шек менен 37 жаштагы жаран кармалды

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери ок атуучу курал алып жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына белгисиз адам ок атуучу курал менен жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Алынган ыкчам маалыматтын негизинде кызматкерлер тарабынан шектүү катары Ош облусунун 37 жаштагы А.С. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жаранга өздүк кароо жүргүзүлүп, жанынан мыйзамсыз алып жүргөн Макаров үлгүсүндөгү тапанчага окшош курал табылган. Аталган факты Жазык кодексинин 255-беренесинин (Курал-жарактарды этиятсыз колдонуу) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ошондой эле кармалган жаран CHRYSLER 300 C үлгүсүндөгү автоунааны башкарып жүргөн.

Азыркы учурда топтолгон материалдар Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин Тергөө кызматына жөнөтүлдү. Аталган факты боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан