Токтогулда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 6 киши жабыркады

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 6 киши жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 12-октябрь күнү саат 13:48 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 310-чакырымында, тактап айтканда, Кара-Жыгач айылында болгон. Анда Honda Odyssey жана Toyota 4Runner үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 6 адам жабыркаган. Жерине ӨКМдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар Токтогул райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан