Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 2 адам жаракат алды

Ысык-Көлдө жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, эки адам жаракат алды. ӨКМнын маалыматына ылайык, автокырсык 12-октябрда саат 21:58 чамасында орун алган.

Тоң районунун Оттук айылына жакын жерде Мицубиси Спейс Стар жана Порше Кайен үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жеңил жаракат алган.

Жерине Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, жабырлануучуларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан