Бишкекте коркутуу жолу менен уюлдук телефонун алып кеткенге шектелген жаран кармалды

Милициянын кайгуул кызматы тоноочулукка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-октябрь күнү болжол менен саат 01:50 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Ала-Арча көчөсүндө белгисиз адамдар уюлдук телефонун алып кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барып маалыматты тактаганда 2002-жылы туулган Э.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле түнү болжол менен саат 02:00 чамасында арыз ээсинин инисинин REDMI NOTE 8 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун коркутуу жолу менен алып кетишкен.

Жазылган арыздын негизинде кызматкерлер ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-аракетин уюштуруп, кылмыш изи сууй электе тоноого шектүү катары 1996-жылы туулган Б.Н. аттуу жаранды кармашкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан