Сооронбай Жээнбеков парламенттин бүгүнкү жыйынында Садыр Жапаровго байланыштуу маселени кайра карап чыгууну сунуштады

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп дайындалган Канат Исаевге кат менен кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров сунуш кылган программаны бекитүү, өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо боюнча Жогорку Кеңештин чечимдери мыйзам сакталбай калгандыгына байланыштуу президенттин аппараты тарабынан парламентке кайтарылып берилгени айтылат.

Өлкө башчы бул маселени Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында белгиленген тартипте кароону сунуштайт деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан