Экс-министр Нурлан Шакиев өлкөдөгү азыркы кырдаал жана жаңыдан өтө турган парламенттик шайлоонун босоголук пайызы тууралуу өз пикирин билдирди.
"Ачык айтканда, өлкөбүздөгү саясий кырдаал абдан жогорку чыңалуу абалында. Элдин, коомчулуктун түзүлгөн кырдаалга карата тынчсыздануусу күч. Балээнин баары парламенттик шайлоонун таза эмес, ыплас өтүшүнөн чыкты да. Бийлик шайлоодо бардык партияларга бирдей шарт түзгөн жок. Тескерисинче бийликчил үч партияга мурда болуп көрбөгөндөй ыплас, мыйзамсыз аракеттерди көрдү. Биз ошол терс көрүнүштөрдү какшап айтып жаттык. Бирок бийлик көрсө көрмөксөн, укса укмаксан болуп туруп алды. Президент Жээнбеков элге башкача сүйлөп, иш жүзүндө ошол мыйзамсыз аракеттерди тыюунун ордуна, аларга дем күч берип турду да.
Шайлоонун эртеси нааразычылыкка чыккан элдин үнүн угуп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганда мындай жаман иштер болбойт болчу. Эми президент моралдык күнөөсүн моюндап, элден кечирим сурап кызматынан кетиши керек. Кээ бир саясатчылар, жакын жан-жөкөрлөрү президент кетпей иштеш керек деп айтып жатышат. Бул туура эмес. Алар дале элдин маанайын толук билбей жатышат. Бүгүн Жээнбековго элдин ишеними жок. Эгер ал кызматынан кетпесе, анда эл эмнеге толкуп чыгып бийликти кубалады. Үмүтбек аттуу азаматыбыздын өлүмүнө ким жооп берет? Канчалаган адамдар оор жаракат алышып, дале өздөрүнө келе албай жатышат. Аларга ким жооп берет?
Чимкирик парламент кайра эле баш көтөрүп Канат Исаевди төрага кылып шайлап алышты. "Кыргызстан" партиясынын лидеринин спикер болушуна канчалык моралдык укугу бар эле. Ошол бийликчил үч партиянын бири дал ушул "Кыргызстан" эмес беле?!
Мына ушуга алданган эл, Садыр Жапаровдун тарапташтары бүгүн кайра митингге чогулуп жатат. Премьер-министр катары Садыр Жапаровду толук бекитпей оюн кылуунун кесепети абдан оор болору белгилүү. Садыр азыр көпчүлүк элдин каалоосу, ишеними болуп жаткандыгы көрүнүп турбайбы. Андыктан президент жана анын жан жөкөрлөрү эки жүздүү оюнун токтотуп, элдин мүдөөсүнө каршы чыкпашы керек. Элдин экинчи толкунун жаратпоо зарыл", - дейт Нурлан Шакиев.
Ал эми парламенттик шайлоонун босогосу тууралуу экс-министр мындай ойдо: “Парламенттик шайлоо босогосу бизде абдан жогору болчу. Дүйнөдө мындай жогорку чек жокко эсе. Босого чегин 5 пайызга түшүрүү туура болот. Ошондо ортолук чек катары саясий партиялардын ортосунда атаандаштык максатка ылайык болот. Ал эми 3 пайызга түшүрүлсө анда майдаланып, көптөгөн майда барат партиялар чыгып алышып, шайлоочулардын башы жүзгө айланат. Эгерде 5 пайызга түшсө 20дай партия шайлоого катышса, 3 пайызга түшсө 50дөн ашык партиялар аттанат. Анчалык баш аламандыктын кесепети өтө жагымсыз”.