6-октябрдагы митингде Ак Үйдү басып алгандан кийин Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейине таандык сүрөттөр жоголуп кеткен. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган музейдин сүрөттөрү Ак Үйдө убактылуу сакталып турган.
"2010-жылдан бери 20 эмгек президент жана өкмөттүн иш башкармалыгында убактылуу сактоодо турат. Бардык чыгарылыштар жана кайтаруу иштери музейлерде жайгашкан буюмдарын жана коллекцияларын каттоо жана сактоо нускаманын талаптарына ылайык жүргүзүлдү. Комиссиянын ишинин жүрүшүндө чыгарылган 20 иштин ичинен 12 сүрөт табылды. Сегиз сүрөт табылган жок", - деп билдиришти аталган министрликтен.
Учурда Гапар Айтиев атындагы музей керектүү документтерди тергөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берди.
Ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Ак үйдү басып алууга катышкан бардык жарандарды жоголгон сүрөттөрдү кайтарып берүүгө же бул эмгектердин кайда экени тууралуу маалымат берүүгө чакырат.