Бишкекте белгисиз адамдар Хосе аттуу жаранды сабап кетишти. Окуя кечээ, 13-октябрда саат 22:00 чамасында 10-кичи райондо орун алганы маалым болгон. Бүгүн, 14-октябрда шектүүлөр кармалганын Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Жерине ыкчам тергөө тобу барган, бирок жабырлануучу мас абалында болгондуктан дароо арыз жазылган эмес. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга шектүү делинип 1988-жылы туулган Т.Р., 1989-жылы туулган К.И. жана 1993-жылы туулган Ж.Ч. кармалды. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат", - деди маалымат катчы.