Мирбек Атабеков "митингде чагымчыл сөздөрдү айтты" деген кептер боюнча билдирүү жасады

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун дарегине карата ар кандай пикирлер айтылууда. Социалдык тармактарда ырчы "митингде чагымчыл сөздөрдү айтты" деген билдирүүлөр тарады. Бул боюнча ырчы видео кайрылуу жасады. Анда Мирбек Атабеков 15 жылдан бери чыгармачылыкта жүрүп, интрига, чыр-чатактан алыс болуп келгенин айтты.

"Борбор аянттагы тынчтык митингине жубайым менен барып, ажобузга тиешелүү өзүмдүн ой-пикиримди айттым. Кайталап кетейин, мен тынчтык митингине бардым. Өзүмдүн пикиримди билдиргенден кийин жубайым экөөбүз кетип калганбыз. Эгерде мен ошол жакка элди башаламандык уюштурууга чакырып, митингге келгиле, Ак Үйдү басып алабыз деп үгүттөгөн болсом, анда андай видеолорду буга чейин эле таратышмак. Ошол күндөрү элди экиге бөлүү максатында жаман иштерди кылсам буга чейин эле жарыяланмак. Бүгүнкү күндө мени каралап жатат. Албетте, ажобуздун тарапташтары, саясий күчтөрдү жактагандардын тарапташтары бар. Бардыгыңыздардын оюңуздарды туура кабыл алам. Мени жамандасаңыздар жамандаңыздар, жаман адам, жаман ырчы деңиздер, бирок элди экиге бөлдү деген максаттагы жаман иштерди жасап, жалаа жаппаңыздар. Баарыңыздарды ынтымакка чакырам.

Мен үчүн убактыңыздарды коротпой, элдин ынтымагына, адилеттүүлүккө, пайдалуу иштерди, сооп иштерди жасоого аракет кылыңыздар.

Мен чыгармачылыгымды баштап жүргөндө Ошко концерт коюп барып, ошол жактан күч-кубат алып келгем. Көптөгөн досторум бар, арасында Оштун тургундары да бар. Продюсерим Канат Култаев менен 10 жыл иштештик, бүгүнкү күндө дагы мамилебиз ага-инидей. Ошондуктан бүгүн бөлүнө турган же саясий күчтөргө курал боло турган күн эмес, элим. Сиздерди ынтымакка чакырам", - деди ал.

Ырчыны шоу-бизнес өкүлдөрү колдоп, ага карата каралоо болуп жаткандарын билдиришүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
nazarnew
2020-10-14 15:48:41
Ит үрө берет кербен жүрө берет, не переживайся бро, баары норма, сени жамандагандар бекерчилер, э чыныгы эл всегда сени уважают, алга и ийгилик сага.
-8
elinur
2020-10-14 15:57:02
Алдын сыйлап урматайт элем азыр уже сый урматы калбады элдин алдына чыгып эки ооз созу менен кадыр баркын кетирип алды
+13
aliya-leyla
2020-10-14 16:01:07
анан митингге барбай эле койбой белең
-8
aliya-leyla
2020-10-14 16:01:34
ошол созуну да кайталап койчу
+6
Bermet01
2020-10-14 16:15:52
Мирбек куйгонунон журот. Азыр саясат озу сасык. Сасыктарды эл озу шайлаган.
+1
nazira...
2020-10-14 16:18:08
Оштун тойлорунда, ошо раим миллиондун кызынын туулган кунуно канча долл.менен ырдап, туштуктун тойлорунун эсебинен ушинтип ошо аялын экоон байып отурасынар. Сен экоон жетпей турду эле площадда, неге бардынар, аялына бок барбы. Эми Ошко келем дебей эле кой, ошто сен корбогон жиндилер бар таененди таанытып, жок опкондун оордуна опко салып берип жонотушот.
+15
nazira...
2020-10-14 16:22:21
Туштон кийин бабанчик акен экоон актанбай эле койгула. Поезд ушел уже.
+11
Jacob.
2020-10-14 16:22:32
Ар ким өз иши менен алек болсо жакшы болмок.
Артисттер эч качан саясатка аралашпаганы жакшы, Кыргызстандын саясатында эле ошончо "артист" бар!
+15
oshondoiraak
2020-10-14 16:22:36
Атамбаевдин баласы айтса жарашмак жанагы макалыны сен емне учун Атамбаевге жагынып жатканыны билбейбиз
+9
Dolbooruwka
2020-10-16 14:04:14
oshondoiraak, Бул жерде Мирбек Атамбаевге жагалданган эмес бурмалаба созду ал да болсо куйгонунон айтты, Мирбек эч кыжалат болбо сенда Кыргызстанда болуп жаткан шайлоону кырдалды коруп жон тура алган жоксун ошол учун барып ошол создорду так даана туура айттын, кыргыздын чыныгы патриот жигитисин!
-1
Agayu
2020-10-14 16:29:34
Ырчы чорчулардын баракчаларынан бут баарынан отписка болуп чыгып кеткемин.Ошодон бери баш оору деген нерсе жок .
+10
nazira1989
2020-10-14 17:07:12
Agayu,туура,мен вообще эч бирине кошулган эмесмин...)))
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан