Мэрия: "Суу түтүктөрдү куруу иштери мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлдү"

Арча-Бешик жаңы конушунун Эр-Тайлак көчөсү Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин суу түтүктөрүн куруу толугу менен бүткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тармактардын жалпы узундугу 510 метрди түзүп, таза суу 258 турак үйгө кирет. Курулуш иштери шаар куруу жана архитектура боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиевдин жеке көзөмөлү астында жүргүзүлдү.

"Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын конкурсунун жыйынтыгында «Гигаком» курулуш компаниясы бөдрөтчү аныкталган. Келишим боюнча курулуш иштеринин наркы 2 миллион 305 миң 377 сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bessmertiy
2020-10-14 19:47:07
Бөдрөтчү эмне деген сөз?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан